Кыргызстандын Максим Бакиевге тийгизген залалын төлөп берүүгө алы жетпейт
Кыргызстандын Максим Бакиевге тийгизген залалын төлөп берүүгө алы жетпейт. Бул боюнча «24.kg» МАсына анын жактоочулары билдиришти.
Белгилей кетсек, Англиянын Жогорку соту кыргыз өкмөтүн мурдакы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевди 26 миллион долларды жеп алды деп негизсиз айыптагандыгы үчүн ага тийгизген зыянды төлөп берүүсүн талап кылган чечим кабыл алган.
Жактоочулардын айтымында, өкмөт Англиянын сотунун чечимин аткаруудан баш тарткандыктан Максим Бакиев сот аркылуу төлөтүп алуу үчүн доо арыз даярдап жатат.
Эскерте кетсек, сентябрда бир катар маалымат каражаттары «Хикман энд Роуз» юридикалык компаниясына шилтеп, Кыргызстан Максим Бакиевге каршы 20 миллион фунт стерлингдик доону кайтарып алганын жазган. Ага Максим Бакиевге каршы эки мамлекеттик фонддон уурдалган акча боюнча жарандык доо жолдонгондугу себеп болгондугу көрсөтүлгөн.
Өкмөттө, Максим Бакиевге каршы доо арызды кайтарып алгандыгы жана аны жеңиши жөнүндө маалыматтарды четке кагышты.



